Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЯСИЙ ТУТУМ (коомдун) – 1) (комплекстүү конституциялык-укуктук институт катары) мамлекеттин, саясий партиялардын, коомдук жана дин уюмдарынын конституциялык-укуктук статусун белгилөөчү жана алардын өзара мамилелерин жөнгө салуучу ченемдердин жыйындысы; 2) (материалдык маани-маңызында) мамлекеттик (саясий) бийликти жүзөгө ашырууга катышуучу мамлекеттик жана коомдук органдардын жана уюмдардын жыйындысы.